Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 35 миң метрге жакын тор чыгарылды

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 08:50
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 34 миң 800 метр браконьерлик тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер көлдүн экосистемасын сактоо, балыктарды мыйзамсыз уулоонун алдын алуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Күн мурун министр Канатбек Чыныбаев суучулдар менен биргеликте көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгуу иштерин жүргүздү.