Жыл башынан бери өлкөдө 1545 чакырым жолго асфальт басылды

Коом Загрузка... 22 Декабрь 2025 09:30
8b35c2b8-d27b-417c-b4bd-6294a26cb6d6_jpg_850x445_q82_crop.730x0.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. Жыл башынан бери өлкөдө 1545 чакырым жолго асфальт басылды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев "Биринчи радионун" түз эфиринде маек берип жатып айтты.

Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жолдордо ири көлөмдө асфальт басууга чейинки жер иштери аткарылып, кийинки жылы асфальттоого даярдалды.

"Жылдын башында 1 миң чакырымдын тегерегиндеги жолго асфальт басууну пландаганбыз. Бул жыйынтыкка министрликтин жалпы кызматкерлеринин жана өнөктөштөрдүн аракети менен жетиштик. Мындай көлөм башка жылдарга салыштырмалуу өтө чоң рекорд десем дагы болот", - деди ал.