Бишкек, 04.05.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймактары боюнча жалпы 110,2 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, былтыр ушул мезгилге карата 40 чакырым жол асфальтталган.
“Битум менен 15 000 тонна камсыздалды. Сатып алынган битумдар асфальт-бетон заводдоруна чейин жеткирилүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан Титулдук тизмеге кирген региондордогу бардык унаа жолдорунда иштер планга ылайык аткарылууда.