Жыл башынан бери эмгек жаракаттары үчүн 39 млн сом компенсация төлөндү

Коом Загрузка... 13 Май 2025 12:38
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.05.25./Кабар/. Жыл башынан бери эмгек жаракаттары үчүн төлөнгөн компенсациялар үч эсеге көбөйүп, 39 млн сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кызматы тарабынан текшерүүлөрдүн жана мыйзам бузуу учурларынын саны кыйла өскөнү байкалууда.

2025-жылдын январь-март айларында 301 текшерүү жүргүзүлгөн, бул өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 13% га көп. Натыйжада Эмгек жаракатынан келип чыккан зыян үчүн төлөнгөн компенсациянын көлөмү 39 млн сомдон ашкан.