Жыл башынан бери дыйкандарга лизингге 42 техника берилди

Экономика Загрузка... 10 Февраль 2026 09:35
17301881176720935559614.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери дыйкандарга лизингге 81,4 млн сомго 42 даана техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, ошондой эле лизинг механизмин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылган.

Бул долбоорлордун алкагында айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар жеңилдетилген шарттарда сунушталууда. Тактап айтканда, техникалар жылдык 6 пайыздык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилет.

"Мамлекеттин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлорунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 27,7 млрд сомду түзгөн 9 725 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди",-деп айтылат маалыматта.