Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда камсыздандыруунун эң популярдуу түрлөрү — турак жайды жана унааны камсыздандыруу. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан тышкары 15-16га жакын жеке камсыздандыруу компаниясы иштейт. Бирок турак жайды камсыздандыруу менен мамлекеттик уюм гана алектенет.
"Акыркы убакта өзгөчө аймактардын тургундары турак жайды камсыздандырууга кызыгып жатышат. Анткени табигый кырсык же өрт болгон учурда камсыздандыруу төлөмүн алуунун мыйзамдуу жолу — турак жайды алдын ала камсыздандыруу", - деди ал.