Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда унаалардын 50 пайыздан ашыгы милдеттүү түрдө камсыздандырылды. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 13-ноябрына карата унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 171 млн сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн.
Ошондой эле унааны милдеттүү камсыздандыруунун баасы 1 миң 680 сомдон башталат. Камсыздандыруу төгүмүнүн өлчөмү унаанын мүнөздөмөлөрүнө жараша аныкталат.
Мындан тышкары, ыктыярдуу камсыздандыруунун КАСКО түрү да бар. Анын баасы унаанын наркына жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнө жараша жекече эсептелет.