Калдарбеков камсыздандырууну тариздөөнүн үч жолун айтып берди

Коом
Калдарбеков камсыздандырууну тариздөөнүн үч жолун айтып берди
copyright icon Кабар

Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда камсыздандырууну үч жол менен тариздөөгө болот. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.

Анын айтымында, камсыздандырууну уюмдун расмий сайты аркылуу онлайн тариздөөгө, филиалдарына барып же жеринде кызмат көрсөтүүчү көчмө кеңсе аркылуу алууга болот.

Ошондой эле турак жайды милдеттүү камсыздандырууну тариздөө үчүн үйдүн техникалык паспорту жана жеке паспорт талап кылынат.

Калдарбеков камсыздандырууну тариздөөнүн үч жолун айтып берди