Элдияр Калдарбеков: Камсыздандыруу ашар сыяктуу принцип менен иштейт

Коом
Элдияр Калдарбеков: Камсыздандыруу ашар сыяктуу принцип менен иштейт
copyright icon Кабар

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Камсыздандыруу кыргыз элинин салттуу өз ара жардамдашуу салты — ашар сыяктуу принцип менен иштейт. Бул тууралуу "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков "Кабар" маалымат агенттигинин "Маек" программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, адам үйүн же унаасын камсыздандырганда төлөгөн каражаты кырсыкка кабылган башка жарандарга жардам көрсөтүүгө багытталат.

"Камсыздандыруу полиси таризделген күндөн тартып бир жыл бою төлөнгөн каражаттар кол тийгис бойдон сакталат. Алар компаниянын пайдасына же кирешесине кошулбайт. Эгер камсыздандыруу учуру катталбаса, акча резервде калат. Жарандардын көбү полисти жакшы ниет менен алышат: кырсык болсо жардам алуу үчүн, ал эми кырсык башка адамдын башына түшсө, бул каражат ага жардам бериши үчүн", - деди Калдарбеков.