Кубаттуулугу 15 МВт: Өлкөдө калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Экономика
Кубаттуулугу 15 МВт: Өлкөдө калкып туруучу күн электр станциясы курулат
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Энергетика министрлиги ГЭС-5тин аймагында кубаттуулугу 15 МВт болгон калкып туруучу күн электр станциясын курууну пландоодо.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашырылууда. Учурда долбоорду даярдоо иштерин жүргүзө турган консультантты тандоо жүрүп жатат. Тендерге 22 компания катышып, алардын алтоо алдын ала тандоодон өткөн.

Белгилей кетсек, ГЭС-5те кубаттуулугу 0,1 МВт болгон пилоттук калкып туруучу күн станциясы 2024-жылдын 1-мартында ишке берилген. Ал 2024-жылы 133,9 миң, 2025-жылы 141,1 миң, ал эми 2026-жылдын он айында 132,5 миң кВт/саат электр энергиясын өндүргөн.

Күн панелдерин суунун үстүнө жайгаштыруу жерди үнөмдөөгө, суунун бууланышын азайтууга жана гидроэнергетикалык инфраструктураны натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Долбоор кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган.