Жыл башынан бери дыйкандар лизинг аркылуу миңден ашык техника алышты

Коом Загрузка... 17 Март 2026 12:29
Dn9k0qRZ.jpg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Жыл башынан бери дыйкандарга лизинг аркылуу 1 миң 89 айыл чарба техникасы берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, техникалардын жалпы баасы 3,7 млрд сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2011-жылдан тартып министрлер кабинетинин колдоосунда "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААК аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет. Анын алкагында дыйкандарга айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар жеңилдетилген шартта берилүүдө.

Техникалар 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6 пайыздык үстөк менен лизингге сунушталууда. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан мамлекеттик колдоонун негизинде 32 млрд сомго 11 378 даана техника берилди.