Жыл башынан бери 11,6 миң кыргызстандык чет өлкөдө расмий ишке орношту

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 14:00
717076735_1397026372446360_2967133327677025055_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. 2026-жылдын акыркы беш айынын ичинде Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун көмөгү менен 11 миң 675 жаран чет мамлекеттерде мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурулду. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстандын эмгек миграциясы багытындагы географиясы кыйла кеңейди.

"Учурда жарандарды уюшкан түрдө жана коопсуз ишке орноштуруу боюнча Түштүк Кореядан сырткары, Улуу Британия, Словакия, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде активдүү иш алып барылууда", - деди ал.