Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Жыл башынан бери 10 суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндердин (БДР, БСР) курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Мындан тышкары, учурда 12 объектиде курулуш иштери, 29 объектиде долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле жалпы узундугу 430 чакырымга жакын каналдар, 302 гидротехникалык курулма, 123 суу өлчөөчү пост, 91 насостук станция жана 156 насостук агрегат оңдолуп, тазаланды. 9 насостук агрегат жаңыларына алмаштырылып, 53,5 чакырым коллектордук-дренаждык система тазаланды.
Белгиленгендей, былтыр 20-21-декабрда өткөн III Элдик курултайда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жалпы 652 кайрылуу келип түшкөн.
Кайрылуулардын 50 пайызы ирригация маселесине, 30 пайызы ичүүчү таза суу көйгөйүнө тиешелүү.