Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Жыл аягына чейин Манас шаарына 2000 түп көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Күн мурун шаардын реконструкциялоодон өткөрүлгөн Достоевский көчөсүнө чынар теректин көчөттөрү отургузулду.
Белгиленгендей, көчөттөр мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы тарабынан жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен отургузулууда.