Жыл аягына чейин 3 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилет – министр — Кабар

Жыл аягына чейин 3 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилет – министр

Коом 10 декабрь 2025 17:10
Жыл аягына чейин 3 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилет – министр
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Өлкөдө 2025-жылдын аягына чейин 3 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилет. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, бул - өлкө тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.

“Эгерде жыл сайын калк 100 миң адамга көбөйө турган болсо, анда биз жылына 1,5 млн чарчы метр турак жай куруп берүүбүз керек. Бул минималдык көрсөткүч. Дүйнөлүк стандартка карай аракет кылышыбыз керек”,-деп белгиледи ал.