Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин тактоо иштери кагаз жүзүндө калып кала турган болсо кийин башка дагы талаш-тартыштар пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине мурунку элчи Ибрагим Жунусов билдирди.
Анын айтымында, чек арага зым тартылышы эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселесине биротоло чекит коюлуп жатканын айгинелейт.
"Чек араны тактоо процесси дал ушундай болот. Бекеринен делимитация, демаркация деп айтылбайт. Делимитация бүткөндөн кийин демаркацияга өтүш керек. Бул экинчи кадам болуп саналат.
Эгер бул процесстер кагаз жүзүндө калып кала турган болсо, кийин эки мамлекеттин ортосунда дагы талаш-тартыштар пайда болушу мүмкүн эле. Ошондуктан, бул сөзсүз боло турган нерсе. Баарыбызга маалым болгондой, делимитация учурунда да бул маселе көтөрүлгөн. Эми бул процесстен соң дароо демаркация иши башталышы керек. Бүгүн демаркацияга старт берилиптир. Бул иштин бүткөнү бардык тараптан жана Кыргызстан менен Тажикстанга тең бирдей жакшы болот деп ойлойм. Себеби, чек ара тынч, уйкуң тынч демекчи, зым тосулма менен тосулса тактык болуп, анын негизинде эми белгиленген сызыктан чыкпастан демаркация ишке ашырылат деп ишенем"-деп билдирди Жунусов.
Белгилей кетсек, бүгүн Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды. Демаркациянын биринчи этабында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 420 чакырым аралыкка зым тартылат. Бул иштерди жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.