Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Мамлекеттин коопсуздугу, келечеги, тынчтык үчүн чек араны тактап чечип, тосуп коюу бул эң негизги ийгилигибиз. Бул тууралуу Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, чек ара чечилип, такталганда гана мамлекетте туруктуу өнүгүү болот.
“Чек ара маселесинин чечилиши, такталышы эки өлкөнүн жетекчилеринин гана эмес, эки элдин утушу, карым-катнашы, соода-сатыгы жана коопсуздугу. Бул жерде биз уттук десем жаңылбаймын. “Согушпайм десең, согушка даярдан” деп орустун макалында айтылгандай, даяр болгон мамлекет менен эч ким согушпайт. Ошондуктан чек арабызды кандай бекемдеп жатабыз бардыгыңыздар көрүп турасыздар.
Учурда дүйнөлүк чоң кризистер болуп жаткандыгын барыбыз көрүп турабыз. БУУда да келишимдүүлүк жок болуп жатат. Чек ара боюнча айта турган болсок, Сербия менен Албаниянын ортосунда көп нерселер чечилбей жатат. Араб мамлекеттеринде болуп жаткан талаа тартыштары, Палестина менен Израилдин ортосундагы талашты, тең салмактуулук сакталбай жатканы маалым. Мындай шартта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилиши чоң жетишкендик”,- деди Алмамбет Матубраимов.
Ошондой эле ал Кыргызстандын Өзбекстан менен чек арасы өткөн жылы, ал эми ага чейин Казакстан жана Кытай менен чек ара чечилип, такталганын кошумчалады.