Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. Кыргызстан акыркы жылдары ички реформалар менен катар тышкы саясатта да жаңы деңгээлге чыгууда. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Бишкектеги саммити биздин мамлекеттин саясий жана эл аралык салмагын дагы да арттырат. Бул туурасында серепчи Тимур Саралаев “Кабар” агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“ШКУнун Бишкектеги саммити жөн гана протоколдук иш-чара эмес. Бул Кыргызстандын аймактык саясаттагы ролунун өсүп жатканын көрсөткөн чоң белги. Бишкек бүгүн ири державалардын кызыкчылыктары кесилишкен, маанилүү чечимдер талкууланган саясий аянтчага айланды. Бул Кыргызстандын тышкы саясаттагы масштабы да акырындап өзгөрүп жатканын көрсөтөт”, – деди саясат таануучу.
Тимур Саралаев бүгүнкү күнү Бишкекте болуп жаткан эл аралык жогорку деңгээлдеги саясий окуяларга баа берип жатканда акыркы жылдардагы мамлекеттик деңгээлде саясий эрк менен тынымсыз аткарылган иштерди да талдай өтүү керектигин белгиледи.

Анын баамында, Кыргызстан бүгүн мурдагыдан бийик ойлоно баштады.
“Соңку жылдары Кыргызстанда болуп жаткан иштерди анализдесек, бир нерсе даана байкалат. Өлкө мурдагыга караганда кыйла чоң максаттарды кое баштады. Бул контекстте Садыр Жапаровду чоң өзгөрүүлөрдүн архитектору деп даана айтса болот. Анткени архитектор бир эле объектти ойлобойт. Ал жалпы концепцияны, ансамблди көрөт. Башкача айтканда, бүгүн эмнени баштоо керек, ал эртең эмнеге алып келет, өлкө 50-10 жылдан кийин кандай болушу керек деген суроолор”, – деп улантты серепчи.
Ошондой эле Тимур Саралаев биздин өлкөдө мүмкүн эместей көрүнгөн иштер бүгүн жасалып жатканын, ондогон жылдар кагазда калган долбоорлор реалдуу ишке өткөнүн белгиледи.
“Мурда мындай долбоорлордун көбү Кыргызстан үчүн өтө чоң, керек болсо коркунучтуу көрүнчү. Азыр алар мамлекеттик күн тартибинин бир бөлүгүнө айланып баратат. Алгачкы чоң кадамдардын бири 2022-жылы Кумтөрдүн мамлекеттик башкарууга кайтарылышы болду. Андан кийин Өзбекстан жана Тажикстан менен ондогон жылдар чечилбей келген чек ара маселелери жөнгө салынды. Андан ары масштаб дагы кеңейди.
Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун алсак болот, мамлекеттик ипотекалык үйлөр, “Манас” аба майданын жаңылоо, аймактардагы аэропортторду жандандыруу, жаңы жолдор, энергетикалык жана инфраструктуралык толгон-токой объекттер”, – деп тизмектеди Саралаев.
Ал жогоруда жасалган иштердин баары эл аралык аренада өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөрүп, дүйнөнүн назарын өзүнө бура алды деген ойдо.
“Өлкөбүздүн эл аралык салмагы да өсүүдө. Кыргызстан тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. ШКУнун мааракелик саммити, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, “Бишкек Арена”, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп жатат. Өзгөчө Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын саммити Кыргызстанда экономикалык, имидждик, саясий жактан чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ойлойм”, – деп жыйынтыктады ал.