Жумуртка эмнеге кымбаттады? Негизги себептер

Экономика Загрузка... 13 Март 2026 13:15
475782299_1423546729001042_3420558609878545481_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу максатында атайын жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясынын, ири "Умай Групп", "Азия Ритейл", "Борсок Инвест" сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын катышуучулары учурда жумуртка жеткирүү азайганын белгилешти. Бул жумуртка тууй турган тоокторду жаңылоо зарылдыгына, ошондой эле пландуу эмдөө иштерине байланыштуу. Эмдөө жүргүзүлгөн мезгилде тооктордун жумуртка берүү көрсөткүчү кеминде 30 күнгө чейин төмөндөйт, бул өндүрүш көлөмүнүн кыскарышына алып келет. Мындан тышкары, сезондук фактор да таасир этүүдө.

Ошондой эле жумурткасынын баасынын өсүшү канаттуулар фабрикалары тарабынан дүң сатуу бааларынын бир мезгилде жогорулатылышына байланыштуу болгону айтылды.

"Дүң сатуу бааларынын жогорулашынын негизги себептери тоюттун кымбатташы, логистикалык чыгымдардын көбөйүшү, таңгактоочу материалдардын кымбатташы, ошондой эле базарларда ортомчулардын болушу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.