Жолдор ачык, каттам бар – 09:00гө карата ашуулардагы абал

Коом Загрузка... 20 Январь 2026 09:10
619810033_18038246798733957_8108415992196983836_n.jpg
copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын бардык аймактарында күн бүркөк, бирок жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында, ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жолдор туруктуу көзөмөлдө турат.

"Айдоочуларды акышкы жол шарттарын эске алып, унааны кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.