Жолдо сабырдуу болуңуз! ИИМ айдоочуларга кайрылды

Коом Загрузка... 18 Декабрь 2025 16:55

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо сабырдуу болууга чакырат.

"Азыркы учурда жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган «Жол эрежесин сактоо - адам өмүрүнүн кепилдиги!» аталышындагы бир айлык иш-чара жүрүп жатат.

Эгерде жол эрежелерин бузууларга күбө болсоңуз, кайдыгер карабай 0777 102 102 ватсап номерине видео же сүрөткө тартып жөнөтүп коюңуз. Жол эрежелерин сактап, жол жүрүүдө маданияттуулукту көрсөтүңүздөр!", - деп кайрылышты ЖКККББдан.