Бишкек, 07.01.26. /Кабар/. Жакынкы үч саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө коюу туман түшүшү күтүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөшү мүмкүн.
ӨКМ төмөнкүлөрдү эскертет:
- унаалардын ортосундагы аралыкты так сактоо;
- туман учурунда жол кыймылынын эрежелерин так аткаруу;
- мүмкүн болсо, туман тараганча коопсуз жайда күтүп туруу.
Министрлик жарандарды жолдогу коопсуздукка олуттуу мамиле кылууга чакырып, жакындарыңыздын өмүрү жана ден соолугу сиздин жоопкерчилигиңизде экенин эскертет.