Жол оңдоо. Фучик көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды

Коом 14 ноябрь 2025 16:35
1763115124.jpeg
1763115150.jpeg
1763115119.jpeg
1763115212_large.jpeg
Алдыга
Артка
1763115124.jpeg
1763115150.jpeg
1763115119.jpeg
1763115212_large.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бишкектеги Фучик көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Профсоюз көчөсүнөн тартып  ЧЧК көпүрөсүнө чейинки аралык оңдоо иштеринен кийин ачылды. Аталган тилкеде эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыланып, жол чийиндер жана жол белгилери орнотулду.

Узундугу 3,2 км болгон  көчөнүн оңдоо иштери дээрлик аяктап, ал эми 14-15-16-ноябрь күндөрү  Фучик көчөсүнүн Жибек жолу проспекти менен Профсоюз көчөлөсүнүн кесилишинин чыгыш тарабы оңдоо иштерине жабылат.