Жол кыймылына эч кандай чектөө жок – 18:00гө карата ашуулардагы абал

Коом Загрузка... 16 Январь 2026 18:03
616634855_18037869059733957_7659772296544548647_n.jpg
copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бүгүн саат 18:00гө карата республиканын ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.

Ал эми Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн бүркөк, жол ачык. Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк жана каттам бар.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Кырдаал туруктуу көзөмөлдө турат.

"Жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка даярдап, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.