Жол куруу иштери: Жетишкендиктер, кемчиликтер жана эске алчу жагдайлар

Коом 186 17 Август 2026 17:50
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.42.34 (1).jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 1 миң 196 чакырым унаа жол толугу менен асфальтталды. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 598 чакырымга көп. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 17-августуна карата өлкө боюнча 597 чакырым жол асфальтталган. Быйыл жол куруу жана асфальттоо иштеринин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге өскөн. Учурда республикалык маанидеги жана ички автожолдордо курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери графикке ылайык уланып, өлкө боюнча аймактарда да бир топ жолдор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Ири жол долбоорлору

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкөдө бир катар ири жол долбоорлору ишке ашырылууда. Алардын арасында Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол, Бишкек шаарындагы Түндүк айланма жолу, Барскоон–Бедел, Суусамыр–Талас–Тараз, Ош–Кара-Суу жана Барпы–Сафаровка жолдору бар. Мындан тышкары, Чуңкурчак эс алуу жайына баруучу жолго экинчи катмар асфальт төшөлүүдө. Кырчын жайлоосуна алып баруучу 35,5 чакырым жол толугу менен асфальтталып бүткөн.

Бишкек шаарында жаңы Ош базарына жана Батыш автобекетине алып баруучу жолдорду, ошондой эле Бишкек– “Манас” эл аралык аэропорту автожолундагы транспорттук түйүндү куруу иштери жүрүүдө. Профсоюз көчөсү боюнча айланып өтүүчү жол жана Лебединовка айылы–ГЭС-5 автожолун реконструкциялоо долбоорлорунда да активдүү иштер уланууда.

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде былтыр өлкөдө 1,5 миң чакырымга чейин жолго асфальт төшөлгөнүн айтып, быйыл бул көрсөткүчтү 2 миң чакырымга жеткирүү пландалып жатканын белгиледи.

Балыкчы–Барскоон жолунун курулушу эмне себептен созулуп кетти?

Ошол эле учурда айрым ири жол долбоорлорунун курулуш мөөнөтү созулуп жатканы да коомчулукта талкуу жаратып келет. Мамлекет башчысы Балыкчы–Барскоон жолунун оңдоо иштери 2021-жылы ата мекендик компанияларга берилгенин, бирок 5 жыл өтсө да долбоор толук аяктай электигин билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууга “Чайна Роуд” компаниясы катышууга даяр болуп, жолду бир чакырымына 800 миң доллардан курууну сунуштаган. Бирок, кийин ата мекендик 13 компаниядан турган топ долбоорду аларга берүүнү суранып, жолду арзанырак курарын билдирген.

“Эки жылда бүтүрүү керектигин айттым. Макул деп алышты, мына 5 жыл болду бүгүн да бүтүрө элек. Акыры былтыр биз банкрот болгон жатабыз, күйүүчү май, битум кымбаттап кетти дешти”, – деди Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, кийин өкмөттүк комиссия түзүлүп, долбоордун баасы бир чакырымына 800 миң доллардан 1 млн 300 миң долларга чейин көтөрүлгөн.

Жол куруу боюнча адис-серепчи Талант Садакбаевдин пикиринде, жол долбоорлорунун өз убагында бүтпөй калышынын негизги себептеринин бири – каржылоонун туруксуздугу жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги.

"Биздин жол куруучулардын каржылык запасы жок болгондуктан, каржылоосу токтосо эле иши токтойт. Мисал катары чет өлкөлүк “Чайна Роуд” компаниясын алсак, өкмөттөн каражат убагында албаса деле өздөрүнүн каражаты жетиштүү. Алардыкы жумуш токтобой, ылдам жүрүп турат. Ошондуктан биринчи кезекте каржылоо жагына көңүл буруу зарыл. Алар техника же адистер жетишпей жатса, Кытайдан же башка филиалдарынан алып келип, ишти тынымсыз уланта беришет”, – деди ал.

Адис ата мекендик жол куруу компанияларын чет элдик ишканалар менен атаандаша ала турган деңгээлге чыгаруу үчүн алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана адистерди таптап даярдоо, айлык акысын тиешелүү деңгээлге жеткирүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, азыркы учурда көптөгөн жергиликтүү ишканалар тендерлерге жараша гана иштеп, заманбап техникалардын жетишсиздигинен улам жумуштун көлөмүн жана сапатын арттырууда аксап жатышат.

Ысык-Көлдү айланган жол этап менен жаңыланууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар подкастка” берген маегинде Ысык-Көлдү айланган жолду жаңылоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканын айткан.

Анын маалыматына ылайык, Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки жолдун курулушу аяктаган. Жакын арада Балбай баатырдан Каракол шаарына чейинки тилкеде курулуш башталат. Андан соң Каракол–Барскоон жана Барскоон–Балыкчы багытындагы жолдор жаңыланат.

Касымалиев көлдү айланган жолду 2-3 жыл ичинде толук бүтүрүү пландалып жатканын айткан. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарына чейин темир жол куруу долбоору да каралып жатканын кошумчалаган.

Барскоон–Бедел жолу 2028–2029-жылдары пайдаланууга берилет

Жол инфраструктурасындагы дагы бир маанилүү долбоор Барскоон–Бедел унаа жолу. Президент Садыр Жапаров маалымдагандай, аталган жол 2028–2029-жылдары пайдаланууга берилет. Мамлекет башчысы жаңы жол Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 3- өткөрмө пункт болуп, учурда иштеп жаткан Эркечтам жана Торугарт өткөрмө бекеттерине кошуларын белгиледи.

Президенттин айтымында, Барскоон–Бедел жолу ишке берилгенде Кытайга каттаган жол бир багытта болжол менен 650 чакырымга кыскарат. Эки багыт боюнча эсептегенде жолдун узактыгы 1 миң 300 чакырымга чейин азаят. Белгилүү болгондой, бул жол Кыргызстандын өз бюджетинин эсебинен курулуп, долбоордун чыгымы жыл сайын төлөнүү менен 5 жыл ичинде жабылат. Ал эми курулушту 3 жылда бүтүрүү пландалууда.

Жол тармагы боюнча адис Талант Садакбаевдин айтымында, чет элдик компаниялардын артыкчылыгы каржылык мүмкүнчүлүк, техника жана адистер менен камсыз болууда гана эмес, ишти уюштуруу системасында да байкалат.

“Биздин жолчулар начар дебестен, тескерисинче аларды такшалтып, даярдашыбыз зарыл. Билими, иш ыкмасы, тажрыйбасы жок болсо, аз квалификациялуу жумушка эле жарап калат. Биз эртеңки күндү ойлоп, жол тармагы боюнча кесипкөй, заманбап технологияларды өздөштүргөн адистерди даярдашыбыз керек. Союз учурунда иштин көлөмү көп болгондуктан, адистер өз ишинин чебери болушкан. Азыр жол тармагындагы мекемелер тендерге жараша иштеп, заманбап техникалардын жетишсиздиги, маянанын аздыгы иштин сапатына таасир этүүдө. Бирок, шаарды эле карасак биздин эле жарандар иштеп, ири көлөмдөгү иштер аткарылып жатат. Незиги акыркы жылдары бюджеттен жол тармагына абдан көп каражат бөлүнүүдө. Президентке да, өкмөткө да рахмат айтыш керек, анткени алар өлкө экономиканы алдыга жылдырып жатышат”, – деди ал.

Садакбаев жол курууда ишти уюштурууну жана башкарууну оптималдаштыруу, заманбап техникаларды көбөйтүү, туруктуу каржылоо механизмдерин түзүү менен катар жергиликтүү адистерди системалуу даярдоого басым жасоо керектигин белгиледи. Мында чет өлкөлүк компаниялардын иш тажрыйбасын колдонуу менен бирге кыргызстандык жол куруучуларды да жаңы технологияларга үйрөтүү зарыл. Бул өлкөдө жол инфраструктурасын өнүктүрүү менен катар келечектеги адистердин потенциалын жогорулатууга шарт түзөт.

Ошентип, быйыл жол куруу жана асфальттоо көлөмүнүн кыйла өсүшү өлкөдө инфраструктуралык долбоорлордун активдешкенин көрсөтүүдө. Ошол эле учурда ири долбоорлорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн туруктуу каржылоо, заманбап техника, натыйжалуу башкаруу жана квалификациялуу кадрларды даярдоо негизги маселелердин бири бойдон калууда.