Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда дыйкандар жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн иштелип жаткан "IDyikan" тиркемесинин тесттик версиясы тааныштырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиркемени "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси иштеп чыгууда.
Бүгүнкү күндө жаныбарларды каттоо, электрондук балык уулоо билетин алуу, жеңилдетилген насыяларга онлайн арыз берүү, ошондой эле айрым кызматтар санариптик форматка өткөрүлдү.
Мындан тышкары, платформа аркылуу маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди алуу, сугат суусуна жана дотациялык үрөндөргө байланышкан кызматтарды электрондук форматка өткөрүү каралууда. Бул фермерлердин мамлекеттик органдарга кайрылуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, керектүү кызматтарды аралыктан алууга мүмкүнчүлүк берет.
"IDyikan" платформасын өнүктүрүүнүн дагы бир маанилүү багыты — бирдиктүү санариптик реестрлерди түзүү. Аларда фермерлер, чарбалар, жер тилкелери, айыл чарба жаныбарлары, техника жана агрардык сектордун башка объекттери боюнча маалыматтар бириктирилет. Учурда тиркеме тесттик режимде иштеп жатат. Сыноонун жүрүшүндө платформанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү текшерилип, колдонуучулар үчүн ыңгайлуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар эске алынат", - деп белгилешти министрликтен.
"IDyikan" — фермер менен мамлекеттин өз ара байланышын жеңилдетүүгө багытталган, мамлекеттик кызматтарды жана агрардык санариптик сервистерди бириктирген бирдиктүү платформа.