Жол эрежеси – өмүр кепилдиги: Кыргызстанда бир айлык масштабдуу рейд өтөт

Коом Загрузка... 17 Декабрь 2025 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бүгүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев башкармалык жана бөлүм жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешменин негизги максаты – республика аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын маданиятын жогорулатуу.

Жол-унаа кырсыктарына жасалган талдоого ылайык, республикада катталган жол кырсыктарынын негизги себептери ылдамдыкты ашыруу, мас абалында унаа башкаруу, карама-каршы тилкеге чыгууну жана озуп өтүүнү белгилешкен.

Мындай абалды өзгөртүү үчүн жетекчи төмөнкүдөй тапшырмаларды койду.

  • Республикада жол кырсыктарын кыскартуу максатында бир айлык «Жол эрежесин сактоо - адам өмүрүнүн кепилдиги!» иш-чарасын өткөрүүнү жана анын алкагында:
  • Жол кырсыктарын алдын алууга – эң негизгиси айдоочулардын маданиятын жогорулатуу зарыл экенин жана айдоочулардын бири-бирине болгон мамилени жакшыртуу, сый-урмат менен мамиле жасоону;
  • 0777 102 102 ватсап номери аркылуу күнү-түнү билдирүүлөрдү кабыл алып, ар бир келип түшкөн билдирүүгө чара көрүүнү;
  • мектептерде, жогорку окуу жайларда, мекеме-ишканаларда, эл көп чогулган жайларда профилактикалык иш-чараларды өткөрүү.
"Ошондой эле бардык ЖККК кызматкерлерин жол кыймылынын катышуучулары менен сылык, сый-урмат менен мамиле кылууга жана адамкерчиликти сактоо менен кызматтык этиканы толук сактоону талап кылды",-деп айтылат маалыматта.