Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку сотто сот тутумун санариптештирүү жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Соттон билдиришкендей, кеңешмеге Жогорку соттун, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, "Түндүк" ААКнын, ошондой эле "Укук" жана "Кызмат" мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын башкы максаты — "СУД 3.0" автоматташтырылган маалыматтык системасы менен Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жолго коюу.
Талкуунун жыйынтыгында тараптар төмөнкүдөй маанилүү кадамдар боюнча бирдиктүү пикирге келишти:
- Укук бузуулар боюнча материалдар "СУД 3.0" системасына толук санариптик форматта өткөрүлүп берилет. Бул соттук кароого керектүү бардык документтерди кагаз жүзүндө кайталабастан колдонууга шарт түзөт.
- Иш сотко келип түшкөн учурдан тартып, чечим чыкканга чейинки бардык процесстер электрондук форматта жүрөт. Бул санариптик сот өндүрүшүнүн логикасына толук жооп берет.
- Интеграция маалыматтардын жоголуу же бурмалануу тобокелдиктерин азайтып, соттук процесстердин ачыктыгын жана көзөмөлүн камсыз кылат.
Интеграцияны кыска мөөнөттө ишке ашыруу үчүн маалыматтардын түзүмүн аныктоо, протоколдорду белгилөө жана электрондук документтердин юридикалык күчүн камсыз кылуу милдети коюлду. Бардык иштер ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык, "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.
Тараптар сот тутумун санариптик трансформациялоонун алкагында этап-этабы менен интеграцияны ишке ашыруу үчүн техникалык чечимдерди ыкчам иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.