Жогорку сот менен ЖМК кызматташтыкты күчөтөт

Коом 01 Апрель 2026 21:00
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.05.34 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.05.34 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.05.34 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.05.34 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.05.34 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.05.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.05.33 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 18.05.33 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйында сот системасынын ачыктыгы жана адилеттиги, ошондой эле журналисттердин сот процесстерин чагылдырууда туш болгон тоскоолдуктары талкууланды.

ЖМК өкүлдөрү сот иштерине жеткиликтүүлүк, маалымат алуудагы кыйынчылыктар жана айрым учурлардагы чектөөлөр боюнча маселелерди көтөрүштү.

Өз кезегинде, төрага сот тутумуна болгон ишенимди бекемдөөдө журналисттердин ролу чоң экенин белгилеп, айтылган сунуш-пикирлердин негизинде кемчиликтер этап-этабы менен жоюларын убадалады.

Мындан тышкары, Медербек Сатыев жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында сот процесстерин онлайн көрсөтүү ишке ашырыларын билдирди. Ошондой эле ал журналисттерди маалыматтарды мыйзам чегинде, так жана калыс чагылдырууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну күчөтүү жана маалымат алмашууну жакшыртуу багытында биргелешип иш алып барууну макулдашты.