Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусунун судьялары менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Анда 2025-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берилди. Жыйындын жүрүшүндө өткөн жылы облустук сотто 42 миңден ашык иш каралып, сот чечимдеринин күчүндө калуу көрсөткүчү 60–70 пайызды түзгөнү белгиленди.
М. Сатыев соттук жалпылоолор аркылуу бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу жана мыйзам ченемдерин бирдей колдонуу боюнча иштер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.
Ошондой эле ал сапаттык көрсөткүчү төмөн айрым райондук соттордун судьяларынын ишин сынга алды.