Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде 2026-2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо чечимин кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, ал эми окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда.
Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш үстүбүздөгү жылы өлкөдө өтө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга байланыштуу киргизилди. Алардын катарында:
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары;
- ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммити;
- Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар бар.
Агартуу министрлиги окуу жылы кечирек башталганына карабастан, окуу программаларынын толук өздөштүрүлүшүн жана билим берүү процессинин сапатын сактоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлөрүн ишендирет. Бул максатта билим берүү процессин уюштурууга айрым өзгөртүүлөр киргизилет:
- 6-11-класстар үчүн: Билим берүү программаларынын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында, окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча 8 окуу күнүн өткөрүү каралууда. Кошумча күндөрдүн графиги мектептер тарабынан өз алдынча түзүлүп, ата-энелер жана аймактык билим берүү башкаруу органдары менен макулдашылат.
- 1-5-класстар үчүн: Башталгыч класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими өзгөрүүсүз сакталат.
Белгиленгендей, сунушталып жаткан бул чаралар билим берүүнүн сапатын камсыз кылууга жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын толук көлөмдө аткарууга багытталган.