Жогорку Кеңештин төрагасы Германиядагы мекендештер менен жолугушту

Коом 19 апрель 2026 11:30
image4 (3).jpg
image5 (2).jpg
image6 (3).jpg
image7 (2).jpg
image8 (2).jpg
image9 (2).jpg
image11 (3).jpg
image12 (1).jpg
image13 (2).jpg
image14 (1).jpg
image15 (1).jpg
image16 (1).jpg
image17 (1).jpg
image18 (1).jpg
image19 (1).jpg
image20 (1).jpg
image1 (4).jpg
Алдыга
Артка
image4 (3).jpg
image5 (2).jpg
image6 (3).jpg
image7 (2).jpg
image8 (2).jpg
image9 (2).jpg
image11 (3).jpg
image12 (1).jpg
image13 (2).jpg
image14 (1).jpg
image15 (1).jpg
image16 (1).jpg
image17 (1).jpg
image18 (1).jpg
image19 (1).jpg
image20 (1).jpg
image1 (4).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.04.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев коштоп барган депутаттар менен бирге Германияда окуп, иштеп жашап жаткан мекендештер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда бир катар миграциялык, социалдык маселелер көтөрүлүп, мекендештердин жашоо шартын жакшыртууга байланышкан сунуш-пикирлер айтылды.

Марлен Маматалиев расмий сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылды.

“Эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган маанилүү жолугушууларды өткөрдүк. Баарлашууда Германиядагы мекендештердин жашоо шартын жакшыртуу жана аларды керектүү кесиптерге окутуу менен ишке орноштуруу, ошондой эле визалык жол-жоболорду жеңилдетүү маселелерин көтөрүп, аталган багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүү боюнча макулдаштык.
Эми сиздер менен жолугушуп, суроо-талап, сунуш-пикирлериңиздерди угууну көздөп келдик. Башкы мыйзам чыгаруу органы катары айтылган ар бир маселеге астейдил көңүл буруп, өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде керектүү иштерди алып барабыз”, - деди ал.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, мекендештер виза берүү процессин жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. 

Муну менен катар маданий баалуулуктарды сактоо максатында ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн кыргыз боз үйүн алып келип берүүнү суранышты.

Төрага резервдик фондунан каражат бөлүп, жасалгаланган кыргыз боз үйүн белек кыларын убада кылып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүндө тиктирип берерин кошумчалады.

Мындан тышкары, айрым мекендештер Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришсе, айрымдары Европада жашаган журтташтар үчүн кызматташуу аянтчасын түзүү зарыл экендигине токтолушту.

Ошону менен бирге көйгөйлөрүн жана пикирлерин угуу үчүн келген төрага Марлен Маматалиевге жана депутаттарга ыраазычылыгын айтышып, мындай жолугушуулар бардык расмий сапарлардын программасына киргизилсе деген сунушун беришти. 

Ал эми төрага депутаттар эл тарабынан шайланган элдин өкүлү экенин белгилеп, кайсы жерде болбосун калктын суроо-талаптарын угууга даяр экендиктерин баса белгиледи.