Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш жаңы курамда шайлангандан бери беш ай убакыт өттү. Бул аралыкта депутаттардын мандатын тапшыруу, анын ичинде коррупцияга байланыштуу кызматтан кетүү учурлары катталды. Ошондой эле парламенттин төрагасы алмашты.
Мындай саясий өзгөрүүлөргө карабастан, депутаттар мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн токтоткон жок.
"Кабар" агенттиги Жогорку Кеңешке баш багып, депутаттардын сунуштаган мыйзам долбоорлору жана учурдагы саясий окуяларга болгон көз караштары менен таанышты.
Жайкы эс алуу алдында парламенттин биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Төрага Марлен Маматалиев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, парламенттин беш айлык иши тууралуу кыскача отчет берди.