Жогорку Кеңеште айлык акыны инфляциядан коргоо механизми сунушталды

Коом Загрузка... 16 Февраль 2026 16:57
7.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. 2026-жылдын 6-февралынан тарта "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Акимбаева.

Негиздеме-маалымкатка ылайык, документ айлык акынын реалдуу мазмунун камсыз кылуу үчүн аны индексациялоо механизмин мыйзам деңгээлинде бекитүү максатында иштелип чыккан. Бюджеттик эмес уюмдарда индексациялоого карата бирдиктүү укуктук мамилени орнотуу сунушталууда.

Белгиленгендей, Конституция ар бир адамдын эмгекке жана татыктуу сый акы алууга болгон укугун кепилдейт, ал эми колдонуудагы Эмгек кодекси эмгекке акы төлөөнүн адилеттүүлүк принцибин бекитет. Бирок, 2025-жылы кабыл алынган кодекстин жаңы редакциясында айлык акыны милдеттүү түрдө индексациялоо тууралуу түз көрсөтмө жок. Демилгечилердин пикиринде, бул кызматкерлердин коргонуу деңгээлин төмөндөтөт.

Түшүндүрмө катта ошондой эле макроэкономикалык көрсөткүчтөр келтирилген: өлкөнүн ИДПсынын көлөмү 2018-жылдагы 550,4 млрд сомдон 2024-жылы 1 трлн 454,3 млрд сомго чейин өскөн, ал эми 2014-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде керектөө бааларынын индекси 68,2 пайызга жогорулаган. Бул калктын кирешесинин сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келгендиги белгиленет.

Мыйзам долбоору менен Эмгек кодексинин 91-беренесин керектөө бааларынын өсүшүнө жараша эмгек акыны индексациялоо жөнүндө норма менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык:

  • бюджеттик уюмдарда индексациялоо мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт;
  • бюджеттик эмес уюмдарда индексациялоонун тартиби, шарттары жана мезгилдүүлүгү жамааттык келишимдер, макулдашуулар же иш берүүчүнүн жергиликтүү актылары менен аныкталат.

Демилгечинин пикиринде, индексациялоо механизмин бекитүү инфляция шартында кызматкерлердин кирешесин коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди күчөтүүгө жана жарандардын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.