Жогорку Кеңеш "Тынчтык жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдоду

Коом Загрузка... 12 Февраль 2026 15:20
тишина.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө", "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов белгилегендей, мыйзам долбоору жарандардын укуктарын коргоо жана алардын ден соолугун белгиленген ченемдерден ашкан үн басымынын жана ызы-чуунун зыяндуу таасиринен сактоо максатында иштелип чыккан.

Документте ошондой эле ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдарды кароо жана калктуу пункттарда тынчтыкты сактоонун белгиленген эрежелерин бузган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктарын бекемдөө каралган.

Анын маалыматы боюнча, 2025-жылы "102" номуруна 164 миң түрдүү билдирүү түшкөн. Кайрылуулардын жалпы санынын ичинен 5 миң 705и тынчтыкты бузуу жана ызы-чууга даттануулар болгон.