Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Махатма Ганди көчөсү (мурдагы Муромская) убактылуу жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Махатма Ганди жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин унаа кыймылы убактылуу токтотулат.
Белгиленген убакыт аралыгында тиешелүү кызматтар тарабынан суу түтүктөрүн тартуу жана курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.