Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Айдарбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө велосипед жолу уюштурулууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан жол белгилери чийилип, велосипед жолун унаа жүрүүчү негизги тилкеден бөлүп турган атайын тосмолор орнотулуп жатат.
Иштер жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга, шаар ичинде жүрүүнү ыңгайлуу кылууга жана борбор калаада велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы велосипед жолдорунун жалпы узундугу 77 чакырымды түзөт.