Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды - мэрия

Коом Жүктөлүүдө... 07 Апрель 2025 10:50
Жол_ремонт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагынбаев

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 7-апрелден тарта Жаш Гвардия бульварынын Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки батыш тарабы убактылуу жабылды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн тартып Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн жабык, аталган тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү.

Белгилей кетсек, бульвардын чыгыш тарабында убактылуу эки багыттуу кыймыл уюштурулган.