Мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө интеллигенциянын салымы чоң – тарыхчы

Коом
Мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө интеллигенциянын салымы чоң – тарыхчы
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. XX кылымдын башында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышында улуттук интеллигенциянын өкүлдөрү чоң роль ойногон. Бул тарыхый мезгилди Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен гана чектебестен, ага чейинки мамлекеттик түзүмдөрдүн алкагында да карап, терең изилдөө зарыл. Бул тууралуу тарыхчы Аида Кубатова “Кабар” агенттигине билдирди.

“Биз көбүнчө XX кылымдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнөн баштайбыз. Бирок бул мезгилди Түркстан аймагы менен бирге карашыбыз керек. Февраль революциясынан кийин Түркстан муфтияты, Түркстан автономиясы, андан соң Түркстан АССРи түзүлгөн. Ушул мамлекеттик түзүмдөрдүн бардыгында кыргыз улуттук интеллигенциясынын өкүлдөрү да катышкан”, — деди ал.

Тарыхчы белгилегендей, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы бир нече этаптан турган. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, кийин Кыргыз АССРине, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРине айланган.

“Мамлекеттүүлүк жөн гана түзүлүп калгандай түшүнүк болбошу керек. Албетте, ошол мезгилде улуттардын өз алдынчалыгы жөнүндө декларация кабыл алынган. Бирок улуттук интеллигенция унчукпай отура берсе, мамлекеттүүлүк түзүлмөк эмес. Бүгүнкү күндө биз кыргыз мамлекеттүүлүгү улуттук интеллигенция өкүлдөрүнүн чоң аракетинин жана күрөшүнүн натыйжасында түптөлгөн деп айта алабыз”, — деди Аида Кубатова.

Ошондой эле ал бул багыттагы илимий изилдөөлөргө токтолуп, совет мезгилинде бир топ эмгектер жазылганын, бирок анда улуттук интеллигенциянын салымы жетиштүү деңгээлде чагылдырылбаганын белгиледи.

“Совет мезгилинде көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок улуттук интеллигенциянын эмгеги, аракеттери тууралуу сөз болгон эмес. Мамлекеттүүлүк советтик саясаттын алкагында гана каралып, өзүнөн-өзү түптөлүп калгандай түшүндүрүлгөн. Эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып бул маселе кайрадан изилденип келе жатат. Ошентсе да бүгүнкү күнгө чейин жаңы архивдик маалыматтар табылууда. Ошондуктан бул теманы толук изилденип бүттү деп айта албайбыз, мындан ары да тереңдетип изилдөө зарыл”, — деп кошумчалады тарыхчы.