Бишкекте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган конференция өтүүдө

Бишкектеги иш-чаралар
Бишкекте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган конференция өтүүдө
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Улуттук тарых музейинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган эл аралык илимий конференция өтүүдө.

“Автономиядан эгемендүү мамлекетке: тарыхый мурас жана кылым сабактары” аталышындагы иш-чара Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган.

Конференцияга окумуштуулар, тарыхчылар, мамлекеттик органдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле Казакстан, Беларусь жана Россиядан келген окумуштуулар илимий баяндамаларын жасашат.

Иш-чараны ачкан президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекет тарабынан илим тармагына болгон мамиле түп-тамырынан бери өзгөрүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлүп, Улуттук илимдер академиясынын имараты оңдоп-түзөөдөн өттү. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана университеттердеги курулуш иштерине көңүл бурулууда.

“Мамлекеттин илимге болгон мамилеси түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Алдыдагы жылдары мындан да чоң иштер пландалууда. Алардын баарына өзүңүздөр күбө болосуздар деп ишенем”, — деди ал.

Ошону менен бирге Чолпонбек Абыкеев кыргыз элинин тарыхындагы такталбаган жана изилденбей калган барактарды толуктоо окумуштуулардын алдындагы маанилүү милдет экенин баса белгиледи.

“Биздин улуттук тарыхыбыз байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин камтылышы керек. Төрт миң жылдан ашык тарыхы бар кыргыз улутунун тарыхын кайрадан изилдеп, такталбаган барактарын толуктоо — окумуштуулардын, анын ичинде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин милдети”, — деди президенттин кеңешчиси.

Иш-чаранын алкагында тарыхый архивдик документтердин жана материалдардын көргөзмөсү да уюштурулууда.