Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Бишкекте окуучулардын IT көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган "Жаратман Hackathon 2026" технологиялык хакатону өттү.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чарада өспүрүмдөр өз идеяларын сунуштап, инновациялык долбоорлорду иштеп чыгышты.
Хакатондун максаты — окуучуларды заманбап технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү, командада иштөө жана көйгөйлөргө жаңыча чечим табуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Катышуучулар идея жаратуудан тартып, анын прототибин түзүп, долбоорун тааныштырууга чейинки баскычтардан өтүштү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев катышты.