Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш министри кызматына дайындоого макулдук берди
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Парламенттен билдиришкендей, талкуу маалында депутаттар бир катар сунуштарын айтты. 

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.

Бул багытта Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.