Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ош" эл аралык аэропортундагы жаңы аэробекет комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Министрликтин маалыматына караганда, курулуштун жалпы аянты 25 миң 443 чарчы метрди түзүп, комплекс жылына 5 миллиондон ашык, саатына 900 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган. Анда заманбап каттоо зоналары, күтүү залы, фуд-корт, эс алуу жайлары жана 650 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай каралган.
Министр объектте иштерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу жана ыкчам бүтүрүү, долбоордук чечимдерди жана заманбап курулуш стандарттарын сактоо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Жаңы аэробекеттин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан. Башкы подрядчы — "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы.