Нурдан Орунтаев Бишкек мэри болору тууралуу айтылгандарга жооп берди

Коом
Нурдан Орунтаев Бишкек мэри болору тууралуу айтылгандарга жооп берди
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри кызматына дайындалышы мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тараган ушактарга комментарий берип жатып билдирди.

Министр жетекчилик кызматтарга кадрдык дайындоолор өлкө башчысынын гана компетенциясына кирерин белгиледи.

"Биздин кайсы жерде жана кайсы кызматта иштей турганыбызды өлкө жетекчилиги чечет. Биз ким болуп иштей турганыбызды өзүбүз тандай албайбыз, бул туура эмес. Эгерде дайындалып, буйрук берилсе, кайсы жерде иштөө керек болсо, ошол жерде иштейбиз", — деди Орунтаев.

Ошондой эле ал ушактарга ишенбөөгө чакырып, учурда өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткарууга көңүл буруп жатканын айтты.

"Бул ушактарга келсек, тараган маалыматтардын баары чындыкка дал келбейт. Учурда Бишкек шаарынын мэри - Айбек Жунушалиев. Анын ордуна көз артуу таптакыр туура эмес. Менин өзүмдүн кызмат ордум жана функционалдык милдеттерим бар", - деди министр.