Жалал-Абадда 16 бала бакча курулуп, тогузу оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 14 октябрь 2026 17:50
Жалал-Абадда 16 бала бакча курулуп, тогузу оңдоп-түзөөдөн өттү

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 105 социалдык объект курулуш, оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлсө, анын ичинен 25ин бала бакчалар түзөт. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, бүткөрүлгөн 25 бала бакчанын 16сы жаңыдан курулса, тогузу оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Алтынбек Кылычбаев Көк-Жаңгак шаарында бала бакча курулбаганын айтып, шаарга 500–600 млн сом бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

"Көптөгөн бала бакчалар, мектептер курулуп жатканын көрүп жатабыз. Бирок, Көк-Жаңгак шаарына бир да бала бакча курула элек. Чакан шаарларга өкмөт тарабынан 500 млн сомдон же 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп жатат. Ушундай эле тартипте Көк-Жаңгакка да бала бакча курууга 500–600 млн сом бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү барбы?" — деп сурады депутат.

Ал ошондой эле шаардагы бала бакчалардын жана китепканалардын абалы начар экенин белгилеп, тиешелүү жетекчилерди жеринен барып көрүүгө чакырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков бул сунушту Курулуш министрлиги менен биргеликте карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, учурда Жалал-Абад облусунда 253 объект каржыланып жатат.

"Бул маселени каражат бөлүү жагынан Курулуш министрлиги менен өзүнчө карап көрөлү. Быйыл каражат жакшы эле бөлүндү. 2027-жылга капиталдык салымдар беренеси боюнча 27 млрд 860 млн сом бекитилген болсо, азыркы учурда анын көлөмү 83 млрд сомдун тегерегине жетти. Каржылоо 70 млрд сомго жакындап калды", - деди Акунбеков.