Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда жыл соңуна чейин 100гө жакын мектепти пайдаланууга берүү пландалууда, учурда 20 мектеп жана бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы курулуп жаткан мектептерде заманбап материалдарды жана эмеректерди колдонууга, ошондой эле автономдуу иштей турган билим берүү объектилерин түзүүгө басым жасалууда.
"Жаңы материалдарды, эмеректерди жана автономдук режимде иштей турган мектептерге басым жасап жатабыз. Мисалы, Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндөгү мектепке күн панелдери орнотулду. Анда электр энергия 104 кВт түздү, негизинен бул мектепте электр энергия маселеси толук чечилди. Кийин бардык мектептер ушундай болот", - деди Орунтаев.
Министр белгилегендей, жыл соңуна чейин республиканын бардык аймактарында 100гө жакын мектепти пайдаланууга берүү каралууда.
"Бишкек шаарында дагы 10 мектепти, Манас шаарында 5 мектепти пайдаланууга беребиз. Бүгүн Ош шаарында 2 мектеп ачылып жатат, октябрдын аягына чейин дагы 8 мектепти ишке беребиз", - деди ал.