ЖККУнун башкы катчысы тажик-афган чек арасына барды

Коом 29 июнь 2026 16:10
1.webp
9a2035e2-8857-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
19be8211-e972-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
51f7837b-5d19-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
96fc9a05-a0a5-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
a8da9785-7c48-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon ЖККУ

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жеке чакыруусу менен Тажикстанга иш сапары менен барды.

"Сапардын алкагында Таалатбек Масадыков ЖККУнун жоопкерчилик аймагынын тышкы чек арасынын түштүк чегиндеги кырдаал менен таанышып, үч чек ара кошуунунун тилкесиндеги чек ара тозотторуна жана өткөрүү пунктуна барды. Ал Шуроабад багытындагы тоолуу, барууга кыйын болгон аймакта чек ара жолунун курулушунун жүрүшүн жеринде көрүп чыкты", - деп айтылат ЖККУнун катчылыгынын маалыматында.

Сапардын жүрүшүндө Таалатбек Масадыковдун Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин командачысы Муродали Рабжадзода менен жолугушуусу өттү.