Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) региондо беделдүү уюмга айланды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, эми уюмга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өттү.
Владимир Путиндин пикиринде, Россия төрагалык кылган жылы уюмдун негизги багыттары боюнча иштерди алып барат. Кызматташтыкты өнүктүрүү, өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоого өзгөчө көңүл бурат.
"2026-жылы биз уюмга мүчө мамлекеттердин катышуусунда бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрөбүз. Ага башка өлкөлөрдүн да өкүлдөрүнүн катышуусуна кызыкдарбыз. Ошондой эле уюмдун алкагында аскерлерди окуу-машыгуудан өткөрүүнү мерчемдейбиз. Уюмга мүчө мамлекеттерди заманбап аскердик техникалар менен камсыздоо зарылдыгын белгилейбиз", - деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкекте "Ынтымак Ордодо" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.