Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды

Саясат Загрузка... 27 Ноябрь 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды.

Жыйынга Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышууда.

Өлкө лидерлери жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого багытталган бир топ маселелерди талкуулоосу маалымдалган.

Жыйынтыгында жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-ноябрда ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Кыргызстанга келген.