Бишкек, 28.02.26 /Кабар/. “Кабар“ маалымат агенттиги АКШ менен Израилдин Иранга жасаган аба соккуларына байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) катчылыгынан комментарий алды.
Анда белгиленгендей, ЖККУ катчылыгы Ирандын аймагына жасалган массалык соккулар жана анын кесепетинен жай тургундардын каза болгондугу тууралуу маалыматтарды терең тынчсыздануу менен кабыл алды.
“Биз бул жаңжалдын андан ары жайылып кетүүсү менен байланышкан олуттуу тобокелдиктерди көрүп жатабыз. БУУнун башкы катчысы тарабынан берилген кырдаалга карата баага толугу менен кошулабыз. Тараптардын тезинен саясий диалогго кайтып келишине жана жаңжалды эл аралык укукка, ошондой эле БУУнун Уставына толук ылайык жөнгө салуу зарылдыгына ишенебиз», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.